Ош-Бишкек жолунда окуучулар айдоочуларды жол кырсыктарын алдын алууга чакырышты

Жалал-Абад облусунда мектеп окуучулары Ош-Бишкек унаа жолунда туруп жүргүнчү ташыган айдоочуларды жол кырсыктарын алдын алууга чакырышты. Иш-чараны Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү уюштурду. Аталган бөлүмдүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиевдин SUPER.KG'ге берген маалыматына караганда, облуста акыркы 6 ай ичинде балдардын катышуусунда 63 жол кырсыгы катталса, андан 11 бала каза болуп, 64 бала жаракат алган.

"Бүгүн, 20-июль күнү Жалал-Абад облусунда "Балдар - биздин келечегибиз" аттуу акция өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө "Арсланбап" эс алуучу жайындагы лагерден кайткан окуучу балдар Ош-Бишкек жолундагы айдоочуларга, жүргүнчүлөргө муздак суусундуктарды таратышты. Ошону менен бирге жол кырсыктары боюнча өз ойлорун, жол кырсыктарын алдын алуу өтүнүчтөрүн билдиришти", - деди ага инспектор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан