Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаары менен Чүй облусунун бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.
Бишкек шаарындагы жарык өчө турган аймактар: Байтик баатыр, Сүйөркулов көчөлөрү, саат 09.00дөн 16.00гө чейин.
Чүй облусу Сокулук айылынын Киев, Свердлов, Ленин, Калинин, Мичурин, Шопоков, Победы, Ленинград, Кайназарова, 8-Март көчөлөрү саат 09.00дөн 17.00гө чейин өчүрүлөт.
Ошол эле убакта Сайлык, Кош-Коргон, Кара-Дөбө, Жаңы-Чек, Искра, Биримдик айылдарында жарык өчүрүлөт.
"Жарыктын өчүрүлүшү оңдоо иштерине байланыштуу" деп билдирди аталган ишканадан.