Өлкөдө жыл башынан бери 72 адам сууга чөгүп каза болсо, алардын 19у өспүрүмдөр болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери сууга чөгүп каза болгондордун 46сы эркектер, жетиси аялдар болсо, 19у өспүрүмдөр болгон.
Жарандардын сууга чөккөн кырсыктары боюнча сап башында Чүй облусу турса, экинчиде Жалал-Абад облусу, үчүнчүдө Бишкек шаары, андан кийин Ош жана Ысык-Көл облустары турат. Ал эми Нарын облусунда жыл башынан бери адамдардын сууга чөккөн учуру каттала элек.
"Жайкы сезондун башталышы менен сууга чөгүп каза болгондордун саны 50гө жетти. Алардын 32си эркектер, үчөө аялдар болсо, сууга чөгүп кеткен өспүрүмдөрдүн саны 15ке жетти. Чүй облусунда июнь айынан бери 5 бала сууга чөксө, Ош шаарында 4 окуя катталды", - деди маалымат катчы.