Казакстандын Астана жана Алматы шаарларынын тургундары муз үстүндө бийлөө боюнча белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Астанада спортчу менен коштошууга келгендер “Барыс-Арена” спорт комплексинде чогулса, Алматынын тургундары Балуан Шолак атындагы спорт сарайында чогулууда. Белгилүү спортчунун коштошуу зыйнатына келген адамдардын саны миңден ашты.
Эске салсак, казакстандык белгилүү муз үстүндөгү бийчи, "Сочи-2014" Олимпиадасында коло медаль тагынган Денис Тен 19-июлда киши колдуу каза болгон. Белгисиз адамдар Денис Тендин унаасынан күзгү уурдоого аракет кылып жатканда бийчи ууруларды байкап калган. Натыйжада алардын ортосунда жаңжал чыгып, уурулардын бири Денис Тендин жамбаш жагына бычак сайган. Ал бычактан алган жаракатынан улам Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Денис Тен 3 литрге жакын кан жоготкондугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок абалы оорлошуп, өзүнө келе албай каза болгон. Ал эми анын өлүмүнө шектүүлөр кармалып, тергөө иштери башталган.