Тажик чек арачылары Кыргыз чек ара кызматкерлерин кармап, сүйлөшүүлөрдөн соң коё беришти

Баткен облусунун Ворух анклавында Кыргыз менен Тажик чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү Ворух айылына өтчү Кишемиш-Аксай транзиттик жолунда тажик чек арачылары Кыргыз чек ара кызматынын эки аскерин жана эки жаранын кармап кетишкен.

"Тажик чек арачылары Кыргыз чек ара кызматкерлерин кармаган учурда орой мамиле жасап, бир кызматкер жеңил жаракат алган. Мындан улам эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз тарап коңшу өлкөнүн аракетин мыйзамсыз деп баалаган. Сүйлөшүүнүн аягында кармалган кызматкерлер кайтарылып, Тажикстандын чек ара өкүлдөрү биз тараптан кечирим сурады", - деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу деп кошумчалайт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Chagylgan1
2018-07-21 18:47:16
Соке бийликте экен, бул жанжал токтобойт... Чек араны жонго салуу Сооронбайдын колунан келбейт...

Анан "тажиктер бизден кечирим сурады" деп элди алдап сооротот бийлик, артынан тажиктер чындыкты айтып коет, кечирим сураган эмеспиз деп....
+10
Tariel_tt
2018-07-21 21:26:39
Chagylgan1,алты жылда алкаш чече албады гол. Казак менен озбек мамилесине ХХХХ кетти.Соке чечет. Убакыт керек.
+5
Azat.97
2018-07-22 01:30:10
Tariel_tt,Сокене 1 жыл болду дагы 5 жыл убакыт керекпи?
+1
senchi
2018-07-21 19:03:44
Бизде эркекмин деген чондор барбы? Телеберуудон чыгышканда эле аялдарды коргондой эле болом эркек чондор калбагандай эле.
+5
senchi
2018-07-21 19:06:00
Ушул чек ара жонундо тема окуганда эле каным кайнап кетет. Же нары же бери кылалы Кыргыз элим ушул маселени.
+10
nazarKGZ
2018-07-21 19:29:57
коррупция дей бербей чек ара жонундо кеп кылбайбы экономика жонундо без Тальков киши
+3
Suior85
2018-07-21 20:19:24
ХХХХ чек ара кызматкерлери тен ата суйлошо албагандан кийин
+3
rustin13
2018-07-21 20:30:35
Чек ара маселеси ото татаал,ото тыгыз жайланышкан оной менен чечилип калбайт,бул жерде отуруп алып жаман ой пикиринерди жаза бербегиле ситуацияны тушунбой эле,аны ошол жерде жашагандар жакшы тушунот, чек арада жайгашкан элдер ынтымак эле жашайт, мамилеси жакшы,а чекара кызматкерлери болсо селер катары алыс жактан келгендер куляб, Душанбе сыяктуу мамиле кылган эмес кыргыздар менен анан грубо мамиле жасайт анан конфликт келип чыгат.Жергиликтуу калк тынч эле жашайт достошуп.
-7
taalay25
2018-07-21 20:37:11
Тажик кыргыз чек арасын давно он жагына чечип алганда болмок! Ислам Каримовдун бийлиги бир тараптуу чекараны жаап койгон эле. Аларга транзит бир гана Кыргызстан болуп калган эле, Ушул саясый маалды пайдаланып он жагына чечип алганда 100% болмок. Чечкинсиз бийлик алтын убакты откоруп жиберип. Билсенер керек 2014-жылы инсидентте Кыргызстан бир тараптуу жапканда таджикстанда он беш кундо не болгонун? Ошондо да шоона эшбей туруп ачып салгандар
+5
patiydin
2018-07-21 21:51:44
Урматтуу Лар ушул чегараны тактап койгулачы. Элдерди даже интернетте Бир бирине чагыштырбай.
+2
Mamiev
2018-07-21 22:07:30
Бакиевдин маалында да мынчалык чек ара проблема болгон эмес. Бир жагынан өзбектер бир жагынан тажиктер ушундай кылып жатса... Качан чечесинер бул маселени?!Кыргызстанды ичинде эле өзбек картасы жайгашкан байкуш элдер ошол Өзбекстан аркылуу өтө.Супер инфо ошол жөнүндө жазсан ар бир аз кызыктуурак кылып. Кандайча өтүп кеткен не болуп өткөн билсек да силердин гезитинерден чындыкты угуп койолу
+2
Iwantyou
2018-07-21 22:08:44
Башка элден токмок жеп алардын ооздун учу менен эптеп кечирим сурагандарына куйуп кетесин да
+3
Flowhive
2018-07-21 22:22:04
Өткөндө эле чайга чакырып алдандынар десем,минус баскандар болду эле.эми ойлонгула
+2
Дарыгер
2018-07-21 22:23:46
Даже кечирим сурабаса керек. Элди алдоо. Чек ара маселесин чечуулөрдө дух жок коркок окшойт
+2
maks992
2018-07-22 00:03:14
бизге барбир ак үйдө креслобузда отурсак болду айлык бар халтура бар жашоо тынч алар менен мне ишим бар
-4
maks992
2018-07-22 14:16:46
maks992,тооба минус бассаңар телим куюп кала тургандай басасынариа
0
33SUUN
2018-07-22 01:00:50
Кыргыздын чек арачысы озубуздун аймакта туруп тажиктердин колуна тушуп бериптирда а?Баардыгын атып салбайбы тырайта.Оз жеринде туруп туткунга тушкон чек арачы эмне кылып журот чек ара кызматында?
0
Dalil
2018-07-22 08:24:28
33SUUN, биздин чоңдор атканы уруксат бергенде давно атмак. Жөн гана асманга ок атып койсоң суракка чакыра берип тажатышат. Себеби биздин чоңдор же коркок же сатылган. Экөөнүн бири гана болбосо минтип сүйлөшүп отурууга эч негиз жок окуялар болду ошондо да чечкиндүү кадамга барган жок. Же сүйлөшүүлөрүдөн майнап чыкпады. Дозордо жүргөндөр тутулганго сыягы. Көпчүлүк келип капыстан кармаса эчтемке кыла албайт. Себеби ал айылда тажик кыргыз аралаш жашайт.
0
marat88
2018-07-22 23:11:45
Чек араны чечкенге аракет жасоо керек. Баткен областтынын губернатору эле чечип койсо болмок. Суйлошуулорду жургузуп ийри олтуруп туз кенешип дегендей. Эгер чече албаса журогундо жалыны бар бизге окшогон жаш жигиттерди койсун иштеп чечейли, иштен тажап жешим керек деген курсагын которо албаган эшектин тушоосун чесе албаган чалдарды койбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан