Чолпон-Ата шаарында 5 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолукту

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 20-22-июль күндөрү Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мыйзамсыз баңгизатты ташуу, терроризм, экстремизм, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле экономикалык жана маданий кызматташтыкты арттырууну жана суу-энергетика тармагын, товар жүгүртүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Тышкы иштер министрлери чек ара тилкелерин тактоодогу соңку иштерге оң баа беришип, ушундай жолугушууларды дагы да өткөрүп турууну макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nemo2016
2018-07-22 12:52:13
Пайдасы жок жолугушуларда жеп ичип ч...п кетет
+4
kuba1983
2018-07-22 14:11:58
Канча көп жолугушкан менен эч жыйынтык жокко. күндө бир чп чыгып жатпайбы чек арада. Өзбек чек арасына өтсө атып салат, а бизгечи кирип келишсе кармап кайра сүйлөшүүлөрдун негизинде өткөзүп бердик деп уялбай .
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-07-22 14:22:44
Булардын чёрный кассасы бар экен ошого миллион сомдон топтошот экен ошого жолугушуптур деп эле койбоптур!
+6
Hatali
2018-07-22 17:07:19
Azatbek.Svoboda.,
Боорду эздин го...
Кабарлардан да комментарийлер кызыктуу
+1
Ulan8383
2018-07-22 17:33:26
Эн эргежели биздики
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан