Депутат Садык Шер-Нияздын апасы дүйнө салды

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияздын апасы дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Апасынын сөөгү эртең, 23-июлда Талас облусунун Манас районунун Чоң-Капка айылында жерге берилет", - деди Каныбек Иманалиев.

SUPER.KG порталынын эмгек жааматы Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияздын апасынын дүйнө салгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-22 14:19:53
Бизда уй-булөсунун,жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз,терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
+9
nemo2016
2018-07-22 15:16:30
Аллахым бейишин берсин
+5
Hatali
2018-07-22 17:05:33
Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан