Ысык-Көл облусунда мас абалда 50 жүргүнчүнү салып, каттамга чыккан автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, автобус Түп-Бишкек каттамында бара жаткан.
"Бостери айылында атайын рейд жүргүзүлүп, Neoplan үлгүсүндөгү унаа бүгүн, 22-июлда эртең менен токтотулган. Автобустун ичинде 50 жүргүнчү болуп, арасында жаш балдар да бар болгон. Айдоочунун документтерин текшергенде ал Казакстандын жараны экени белгилүү болуп, андан ичимдиктин жыты жыттанган. Ичкен-ичпегендигин аныктоо үчүн атайын жайга жиберилгенде айдоочунун мас экени аныкталган", - деди аталган башкармалык.
Айдоочу Казакстандын 48 жаштагы жараны болгон. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды. Ал эми жүргүнчүлөр башка кичи автобустарга түшүрүлдү деп кошумчалайт башкармалык.