Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн "Ысык-Көл - 2018" эл аралык экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кубатбек 2018-жыл президент тарабынан аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланып, ага ылайык экспорттук потенциалды колдоого, орто жана чакан ишкерликке, инвестицияларды тартууга, өлкөнүн аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор көңүл бурулуп жатканын айтты.
"Кыргыз мамлекети экономиканы өнүктүрүү мейкиндигин кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө жана потенциалга ээ. Биз ата мекендик жана чет элдик бизнеске ЕАЭБ, Дүйнөлүк соода уюму жана башка интеграцияланган бирикмелер боюнча өнөктөштөр менен биргеликте келечектүү рынокко жол ачып жатабыз", - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, өлкө дүйнөнүн бардык тарабынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен экономикалык байланыштарды түзүүгө ачык.
"Албетте, учурда мезгил өнүгүүнүн жаңы багыттарын жана тренддерин ачып жатат. Алар аракеттенүүнүн кескин жаңы жана инновациялык жолдорун курууга күчтүү түрткү берет. Биз эл аралык экономикалык интеграциянын кайталанбас процесстерин, кыйла өнүккөн глобалдык логистиканы жана байланышсыз соода менен коммерциялык операциялардын өлкөлөр менен адамдардын ортосундагы чекти жана аралыкты жойгон жогорку технологиялык куралдарын байкап жатабыз", - деди Кубатбек Боронов.