Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Екатеринбург шаарындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымы ыйгарылып, "Кош бол, Гүлсары" чыгармасынын башкы каарманы Танабайдын айкели тургузулат. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Екатеринбург шаарындагы көчөлөрдүн бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат. Мындан тышкары аталган шаардын Свердлов облусунда "Кош бол, Гүлсары" чыгармасынын баш каарманы Танабайдын айкели тургузулат. Учурда айкел жасалып жатат. Анын ачылышы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда болору айтылат маалыматта.