22-июлда Ысык-Көлгө дагы эки адам чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, саат 17:08 чамаларында Ысык-Көл районундагы “Академия Наук” пансионатындагы кум жээктен 1981-жылы туулган Т.А. аттуу (эркек) жаран көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине ӨКМнын №31 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана ӨКМнын Суучулдарды даярдоочу борборунун куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышкан.
Ошондой эле саат 18:45 чамасында “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатынын жээгинде 1947-жылы туулган Ш.Т. аттуу (эркек) жаран көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, анын сөөгү да ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, "Азаттык" радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев да 22-июль күнү Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.