Биз социалдык тармакта

Орусия полициясы Москвада эки баланын барымтага алынганы боюнча маалыматты төгүндөдү

Бүгүн, 23-июлда Орусиянын Москва шаарындагы батирлердин биринен Кыргыз аялдын эки баласы белгисиз эки адам тарабынан барымтага алынганы боюнча маалымат тараган. Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкармалыгы балдардын барымтага алынганын төгүндөдү.

"Дүйшөмбү күнгө караган түнү ижарага алып жашаган аялдардын үйүнө эки киши келип, ал үйдө буга чейин жашап кеткен тааныш адамдын карызын берүүнү талап кылышкан. Бирок ал аял жаңжалдашкандан кийин сыртка качып чыгып кетип калган. Алар үйдөгү жашы жете элек эки бала менен калып, эшикти жаап алышкан", - деп айтылды ИИМдин Москва шаары боюнча башкармалыгынын маалыматында.

Ал эми Кыргыз мамлекетинин Ички иштер министрлиги маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн Орусияга суроо-талап менен кайрылганын мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сиетов кабарлады.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jumaev0084
2018-07-23 15:42:07
кимдер экен ошондо кыргыздар келиптирби
0
jumaev0084
2018-07-23 15:55:07
тушунуктуу толуктап туруп жазгылачы суперчилер ким келиптир ким экен
0
nurbek11
2018-07-23 16:49:00
Квартирасында мурда жашап кеткен адамдын карызын сурап келишкен. Ал эми квартираны ижарага алган эже ал адам бул жерде жашабайт квдан чыгып кеткен каякта экенин билбейм деп айткан. Ага карабастан ал аялдан баланы таап беруусун же озу анын карызын толоосун талап кылышкан. Ортодо жанжал чыгып аял сыртка качып чыгып кеткен.
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-07-23 17:28:32
Оногулар экен биздики эмес.Бир нерсе болсо эле орустар биздики кылып чыгышат!Биздикилерди ошого жеткизип койгон болчу!Маалымат такталды баардыгы бекк болгондордун жарандары экен!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан