Бийликтин коррупцияга батканын ашкерелеген журналисттерге ар түрдүү басымдар болуп келет. SUPER.KG порталынын "Мындай учурда журналист кимге таяна алат?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.
Нарын Айып авторитардык өлкөдө журналисттерге карата басым боло турганын белгиледи.
"Сөз эркиндиги авторитардык бийликке эч убакта жакпайт. Ошон үчүн журналисттердин ынтымагы болушу керек. Бизде журналисттердин эки бирикмеси, бир канча медиа уюмдар бар. Бирок журналисттердин арасында ынтымак жок. Мисалы, бир журналистке каршы сот иши башталса, жөн эле карап турушат. Америкада Барак Обама президент болуп турганда бир нече телеканалга барып интервью бермек экен. Кийин Обама тизмеден бир телеканалды алып салып, маек бергенден баш тартса, башка каналдар да маек алуудан баш тартышкан. Ошондон кийин Барак Обама тизмеден алып салган телеканалга да интервью бериптир. Бизде болсо бирөөнү сабап, куугунтуктап жатса, башкалар унчукпай карап тура берет. Эгерде кайсы бир окуя боюнча журналист куугунтукталып жатса, башкалар андан да күчтүү иликтөө кылып жазса, бийлик ойлонуп калмак. Журналисттердин оозун жаба албайт экенбиз деп ойлонмок. Бир эле мисал келтирейин, 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөргөндө бир журналистти тизмеге кошпой, автобуска салбай кетип калышкан. Ошондо чыныгы ынтымак болсо, автобусту токтотуп, башка журналисттин баары чыгып кетсе болмок", - деди Нарын Айып.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, журналисттер Сыргак Абдылдаев, Султан Каназаров, Кабай Карабековдун пикири төмөнкү шилтемеде.