SUPER TV'га жаңы видео жүктөлдү. Анда 6 килограммдан ашык салмактагы алп бөбөк тууралуу айтылат.
18-июлда Бишкектеги №1-төрөт үйүндө алп бөбөк жарык дүйнөгө келген. Анын салмагы 6 килограмм, 230 грамм, ал эми бою 58 сантиметрди түзөт. Бул үй-бүлөдө эки эркек, андан кийин эгиз кыздар жана бешинчи болуп Мухаммед Али төрөлдү. Ал эми апасы мурда ыроолоп алып койгон жалаяк, кийим кечектер тар болуп калгандыктан, кайрадан башка алдырганын айтып, кубанып да жатты.
Бул ымыркай бир караганда 4 айлык баладай көрүнөт. Ал эми чындап келгенде төрөлгөнүнө 5 гана күн болду. Эң башкысы, учурда эне жана баланын ден соолугу жакшы.
Видеону толугу менен көрүү үчүн шилтеме аркылуу SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.