Биз социалдык тармакта

Бакытбек Дүйшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бакытбек Дүйшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бакытбек Дүйшембиев 1972-жылы 12-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынын кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан