Биз социалдык тармакта

24-июлдан 25-июлга караган түнү ажылык сапарга 306 зыяратчы учуп кетишет

24-июлдан 25-июлга караган түнү Кыргыз ажыларынын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиясына учуп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Кыргыз жеринен ажылардын алгачкы тобун узатуу бүгүн, 24-июлдан 25-июлга караган түнү саат 02:00дө "Манас-2" Эл аралык аэропортунда өтөт. Кыргыз ажыларынын алгачкы тобун узатуу иш-чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышат. Мындан тышкары Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргыз жергесиндеги элчиси жана консулу, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай Шергазыев катышат. Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алып, 6 ажы башчы коштоп барат", - дейт маалымат кызматы.

Алгачкы ажылар тобун коштоп баруучу ажы башчылар:

Акматов Кабылбек Эгембердиевич;

Нурдин уулу Сүйүнбек;

Кекебаев Кенжебек Дүйшөнович;

Узеналиев Сулумбек Дилдебекович;

Акимбай уулу Равшанбек;

Кадыров Шамсиддин Сайдуллаевич.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан