Журналист Уланбек Эгизбаевдин сууга түшүп жаткандагы видеосу ИИМге өткөрүлүп берилди

Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон журналист Уланбек Эгизбаевдин көлгө түшүп жаткандагы видеосу ИИМге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ИИМдин 6 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтылды.

"Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча бардык иштер көрүлүп жатат. Экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык, журналисттин өлүмү сууга чөгүү деп болжолдонууда. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 1 айдан кийин чыгат. Ыкчам тергөө кызматы журналист чөккөн аймакты изилдеп жатат. Ошондой эле окуянын бардык күбөлөрүнөн көрсөтмөлөр алынып жатат. Ал эми "Акун" пансионатынын видеокөзөмөлүнө түшкөн видео ИИМге өткөрүлүп берилди", - дейт криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев.

Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, сууга чөгүп каза болду деген болжолдуу жыйынтык чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Gulnyr19
2018-07-24 11:08:22
Монтаж болбодубу иши кылса
+15
Jelmoguz.brat
2018-07-24 11:14:20
Кантип Бир айда чыксын?
Убакытты чойуп унуткарып ишти жап койойун деп жатышканго сыягы.
Бул жерде Бир сыр бар жакшылап иликтешкерек.
+18
monster_high_98
2018-07-24 11:17:44
Досу конкретно эле бутунда кок аласы бар экен дедиго,ошону айткандан кийин да бизде калыстык бар дегендей кылып болсо да жакшылап изилдесенер болмок!Супер суранаарым досунан или аялынан интервью алып бергилечи,сууда сузушту билбейт беле чын эле???Ошондо баарысы айкын болот
+24
maks94.kb
2018-07-24 11:24:56
Ошол видеону элге корсотбойсунорбу силердин Бир айлык экспертизанардан мурда эле тыянак чыгат кантип чогуп кетткенин Эл билет корот
+15
Kymbatym
2018-07-24 12:17:25
ИИМде медэксперттизада иштегендер мындай талант менен театрда да иштесе болчудай ролдорун укмуш ойноп жатышат ушундайдада жалганчы эки жүздөмө бети жок болушабы?даба жок буларга бир Аллах тең келет кайсы бети менен чындыкты жашырып жатышат чындыкты жашырып жатышка жүрөктөрү кантип чыдады бир жаш жигиттин жашаш үчүн өлүм менен алышып жатканын көз алдына элестетишпейби?канкорлор шерик болуп Улан байкеин өлгөнүнө сүйүнүп олтурушат
+16
Sizge.kat
2018-07-24 13:11:49
Бир ай деген соз ал иш жабылат деген эле соз
+10
Kirajsjk
2018-07-24 13:13:40
олтургон адамдар кантип колунар барды акчага алданып.Азыр ботодой боздоп аткан ата енесин ,келинчек,бутундой кыргызстанды коруп атасынарбы,ичинер ачышып атабы.Каантип дуйного батып отурасынар чыдап.Журок барбы силерде,Аллах силерди бизди неге жараткан,ушуну унутпайлычы кыргыз елим.
+11
Akylai_aktan
2018-07-24 14:17:53
Олтургондорду ушунча адамдын коз жашы уктатпасын.Мин нааалат,ылайым эки дуйно жакшылык корбой кор болгула.Ишенбейбиз озу чогуп олгонуно.ИИМ ден болгон чындыкты ачык айтышынарды суранып суранып кетебиз.
+7
Chagylgan1
2018-07-24 14:33:31
Бийлик кайра кайра "озу сууга чоккон" дегенине караганда, бул жигиттин олумуно бийлик озу кызыкдар болгонбу деген ой кетип жатат.

Эсинерде болсо, Дача-СУда кулаган самолеттогу контрабандалык жук боюнча Окмот ар турдуу маалымат берип, ар созунон чалынып жаткан, бир созу экинчисине дал келбей. Бул жолу да ошондой болууда...
+6
Rasul94
2018-07-24 18:20:03
Жакында чыгат.Азыр монтаж болуп атат.жакында фантастика видео чыгат.кырылып олгуло чондор.силерге жакшы соз калбады
+4
Patoshik1
2018-07-24 20:17:39
окмотко асылбагыла,окмот иштеп жатат,шугур кылгыла!
-9
Journalistgirl
2018-07-27 19:35:37
Patoshik1,окмот эмнени кыйратып жатат? Калп эле акча кетирип айланып журот болбогон иштер менен алек болуп.
0
stimyl.kg
2018-07-24 21:51:01
Кайран жигит,өмүрү узун болсо мамлекетибизге элибизге көп көп жардамы тиймек аттин өнүп өсчүү жигит эле. Бейшин берсин аллахым, жаткан жери жайлуу болсун!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан