
Акыркы кездерде интернет айдыңында жана башка маалымат булактарында SUPER.KG порталы тууралуу каралоочу жана чындыкка төп келбеген ушактар жайылтылууда.
SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын көз карандысыз, эркин жана альтернативдик маалымат булагы катары мындай каралоолорду мамлекетибиздин өсүшүнө жана демократиялык өнүгүү жолуна карата жасалган чагымчылдык деп баалайт. Анткени SUPER.KG маалымат порталынын баалуулуктары болуп сөз эркиндиги, маалыматтын тактыгы жана бейтараптуулугу, коррупциясыз, өнүккөн, демократиялык Кыргыз мамлекети саналат.