Башкы прокуратура: "Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскарышы иликтенип бүтө элек"

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасынын негизинде каралып жаткан Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскарышы иликтенип бүтө элек. Бул тууралуу 24-июлда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекеменин билдиришинче, иликтөө иштери качан аягына чыга турганы белгисиз.

"Бул ишти карап жаткан атайын башкармалык бар. Алар Конгантиевге байланыштуу иштин баарын илитеп чыгып, анан жыйынтык чыгарышат. Азырынча иштин качан иликтенип бүтө турганы белгисиз", - деп басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 12-июлда Талас облусунда президент Сооронбай Жээнбеков Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан. 13-июлда кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Башкы прокуратура өзүнө өткөрүп алып, иликтөөнү баштаган.

УКМК тарабынан Конгантиевге козголгон кылмыш иши 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп кыскартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан