Укук коргоочу Калича Өмүралиева: "Өкмөт суунун баасын көтөрүүдөн мурда ар бир үйгө суу эсептегичтерди коюп берсин"

Өкмөт таза суунун тарифин жогорулатканы жатат. SUPER.KG порталынын "Элдин эң башкы байлыгын өкмөт элге кымбат сатышы керекпи?" деген соболуна Укук коргоочу Калича Өмүралиева жооп берди.

Укук коргоочу Калича Өмүралиева билдиргендей, өлкө аймактарында сууга болгон тариф ар кандай. "Өкмөт Бишкек шаары үчүн гана тапшырма берип жатат окшойт. Бишкек шаарындагы көп үйлөрдө суу эсептегичтер жок. Ошол себептен шаар тургундары ай сайын бир адамга 5 метр куб суунун акысын төлөшөт. Биз муну эсептеп чыкканбыз, бир киши айына 5 метр куб сууну колдонбойт. Ашып барса 3 метр куб сууну колдонот экен. Ошондо өкмөт калган 2 метр куб суунун акчасын жөн эле алып жатат. Ал акча кайда жумшалууда. Мен өкмөттөн суунун баасын көтөрүүдөн мурун ар бир үйгө суу эсептегичтерди коюп берүүсүн суранат элем. Эсептегичтерди коюп чыкса, ошондо бирдиктүү баа чыгат. Суунун баасын кабыл алууда келтирилген чыгымдар баары так эсептелүүсү керек. Өкмөт башчынын сууга болгон тарифти жогорулатуу боюнча тапшырмасын жеке мен колдобойм", - деди Өмүралиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов, Айнуру Алтыбаева, Таабалды Тиллаев, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан