Өкмөт башчы: "Пансионаттардын ээлеринин эс алуучулардын коопсуздугуна карата шалаакы мамилеси жарандардын өмүрүнө коркунуч алып келүүдө"

"Мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу жана пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлеринин эс алуучулардын коопсуздугуна карата шалаакы мамилеси жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч алып келүүдө", - деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Ал мындай пикирин кечээ, 24-июлда өткөн көлмөлөрдөгү коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

"Кыска мөөнөттүн ичинде суудагы коопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүн ачык көлмөлөрүнө жакын жерде жүрүм-турум эрежелерин дыкат сактоо боюнча толук чараларды кабыл алуу керек. Тиешелүү мамлекеттик органдар бардык жайкы эс алуучу жерлерде тийиштүү жабдуулары бар куткаруучулардын болушун текшерип чыгып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл.

Чаралардын бири катары ар бир жээкте куткаруучулар – атайын окутулган адамдар күзөттө турган куткаруу секилерин орнотууну сунуштайм. Мындан тышкары куткаруучулар ыкчам жетүүсү үчүн сууга түшүү аймагы чектелиши керек, анткени чөгүп бара жаткан адамды куткарууда ар бир секунд кымбат", - деди өкмөт башчы Абылгазиев.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов учурда министрлик тарабынан сууга түшүүгө уруксат берилген жайлардын аймактарында эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жооптуу адистерди окутуу жүргүзүлүп жатканын айтты.

"Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр бар. Бирок алардын 80инде гана окутуудан өткөн жана тиешелүү сертификат алган куткаруучулар бар. Учурда алгачкы жардам көргөзүү жөндөмдүүлүктөрүнө ээ 174 адис даярдалды", - деди Мирзахмедов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shanson
2018-07-25 13:20:13
"Жоо кеткен соң кылычыңды бо**о чап!"

Бул жөндөөлөр бирин-экин эле эс алуу жайларында ишке ашпаса, калганында ишке ашышы чоң күмөн. Ошол куткаруучулурды текшерүүчү органдарга кошумча "киреше" (пара) алып келүүчү эле бир булак болуп берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан