Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү буйрукка кол койду.

Узарбек Жылкыбаев 2017-жылдын 17-мартынан бери өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген. Ага чейин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болгон.

Ал эми Ош облусун буга чейин жетектеп келген Таалайбек Сарыбашов 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп шайланган.

Узарбек Жылкыбаев 1974-жылы 17-февралда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында төрөлгөн. Ал 1999-жылы Казак мамлекеттик университетинен эл аралык мамилелер боюнча билим алган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.

1999-2001-жылдары Бостери айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы;

2001-2002-жылдары "Бишкек" арак заводунун продукцияларын сатуучу;

2002-жылы Бишкек мэриясынын адиси;

2004-2008-жылдары Бостери айылдык кеңешинин депутаты;

2005-жылдары "Инвест-Радуга" жоопкерчилиги чектелген коомунун менеджери;

2005-2008-жылдары "Ысык-Көл-Аврора" санаторийинин маркетинг бөлүмүнүн башчысы;

2008-2012-жылдары Ысык-Көл райондук кеңештин депутаты;

2011-2013-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү;

2013-жылы "Кыргыз деңизи" санаторийинин филиалынын директору;

2015-жылы Ысык-Көл облустук Эркин күрөш федерациясынын президенти;

2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан