Депутат Искандер Гайпкулов: "Максимдин 60 тыйыны" менен азыркы телефонду каттоодо алынган 100 сомдун айырмасы бар"

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкуловдун пикири.

Гайпкуловдун пикиринде, "Максимдин 60 тыйынына" окшобойт, ал пайда табуу үчүн болсо, азыркы долбоор мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында жасалууда.

"Максимдин 60 тыйыны" менен азыркы телефонду каттоодо алынган 100 сомдун айырмасы бар. Бул долбоор өлкөгө аткезчилик жол менен келген телефондорду алдын алуу болсо, анда бул туура долбоор. Учурда өлкөгө мыйзамсыз жол менен ташылып келген телефондор көп экени баарыбызга белгилүү. Максимдин 60 тыйыны ал таза пайда табуу үчүн болчу, ал жерде ар бир чалуудан каражат түшүп турчу. Азыркы долбоордо ар бир телефонго гана акы төлөнүүдө, каттатуу үчүн баары бир кызмат акысына төлөйбүз да, ал жерде иштеген кызматкерлер бар", - деди Гайпкулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева, юрист Улан Жумаков, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан