Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев: "Телефондорду каттоо эл аралык практикада ийгиликтүү колдонулган долбоор"

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна саясий серепчи Алмазбек Акматалиев өз жообун айтты.

Акматалиев бул сунушталган долбоор - эл аралык практикада ишке ашкан пайдалуу долбоор, Кыргыз өлкөсүндө ишке ашса пайдасын берет деген ойдо. "Бул долбоор мыйзамдагы нормалардын алкагында сунушталып жатат. Бийликтин ойлоп табуусу эмес. Токтом долбоор эл аралык практикада колдонулган. Биз кечигип кадам жасап жатабыз. Учурда ар бир адам колдонуп жүргөн телефон акысыз катталат. Каттоо акысын эл эмес, сырттан телефон ташып, чек арадан өткөрүп жаткан ишкерлер төлөйт. Бул сунушталган долбоордун жакшы жагы уурдалган телефондор иштебей калат, колдонууга болбойт. Ошондой эле өлкөгө мыйзамсыз жол менен ташылган телефондор токтойт. Бир коркунуч бар, телефонго болгон баанын көтөрүлүшү. Эми 100 сомдон ашык кымбаттабайт деп үмүттөнөм. "Максимдин 60 тыйынына", албетте, кээ бир окшоштуктар бар. Бирок бул жерде таптакыр башка жагдай. 2-3 жылда бир телефонду алмаштырып калсаң 100 сом кошумча төлөнөт. Коопсуздук жагы чечилсе, бул акча чоң деле каражат болбойт", - деди Акматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Искандер Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева, юрист Улан Жумаков, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан