Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева: "Телефондорду каттоо долбоорунун максаты - элден акча чогултуу"

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын пикири төмөндөгүдөй болду.

Асия Сасыкбаева өкмөт телефондорду каттоо аркылуу элден акча чогултууну көздөп жатат деген пикирде. "Казынаны толтуруу үчүн элден акча чогултуу туура эмес. Өкмөткө ошончолук эле акча керек болуп жатса, анда башка булак табуу керек. Мисалы, айрым адамдар бирдик жүктөө үчүн акча таппай жүрөт. Бүгүнкү күндө 100 сом 3-4 күндүк нандын акчасы. Телефонду каттоо деп айрымдардын нанын тартып алган туура эмес. Кечээ бул долбоордун демилгечилери маалымат жыйын өткөрүп, өлкө аймагындагы телефондорду каттоодо акча алынбайт дептир. Бул алардын актанып жаткан сөзү. Биринчи тараткан маалымат туура болгон. Коомчулуктун каршы пикиринен кийин "сырттан келген телефондорду каттоого гана акча алынат" деп өзгөртө салышты. Сырттан келген телефондор үчүн салык бар да, каттоо үчүн да ар бир телефондон 100 сом алса, ал ишкерлерге эле зыян. Ансыз деле телефондор өлкө аймагына кирерде аны ташып келген адамдар тарабынан катталат. Өкмөт элден акча талап кылбай, тескерисинче, элдин техниканы, интернетти колдонуп, анын жардамы менен өнүгүп жатканы үчүн ырахмат айтуусу керек", - деди Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева, юрист Улан Жумаков, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан