6 айдын ичинде жол эрежелерин бузуудан бюджетке 260 миллион сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев кабарлады. Анын айтымында, жогорудагы сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80 миллион сомго көп.
Ошондой эле Жумагазиев жол эрежелерин бузуу фактылары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,5 пайызга көп аныкталганын кошумчалады.
"Мисалы, 2017-жылдын 6 айында ылдамдыктан ашырып айдоо боюнча 35 миң 104 факты катталса, бул жылы 66 миң 134 факты катталган. Ал эми мас абалда унаа башкарган 5 миң 355 айдоочу кармалса, быйыл 5 миң 911 айдоочу кармалды", - деди ал.
Андан сырткары аталган башкармалык тарабынан 386 кызматтык иликтөө жүрүп, 4 кызматкер жумуштан алынганын белгиледи. "Жалпы 386 кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында 4 кызматкерди жумуштан алдык. Калгандарына административдик жаза колдонулду", - деди Жумагазиев.
"