Сооронбай Жээнбеков Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаковду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтык тууралуу пикир алмашуу болду. Сооронбай Жээнбеков эл аралык терроризмге жана Борбор Азия аймагынын коопсуздугуна шек келтирген башка чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнүн маанилүү экенин белгиледи. Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков аны кабыл алганы үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн аскерий мекемелери Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын президенттери аныктаган багыттарда кызматташа турганын белгиледи.

"Бекем коопсуздукту камсыз кылуу ишинде чакырыктарга жана коркунучтарга жалгыздап каршы туруу мүмкүн эмес. Бизди коопсуздукту камсыз кылуу жана кадрларды даярдоо боюнча биргелешип иштөө күтөт", - деди Сакен Жасузаков.

Мамлекет башчысы Казакстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге жылуу каалоолорун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан