Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 26-июлда шаардык кеңештин КСДП фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев билдирди.
Анда мэрлик кызматка талапкер көрсөтүлүшү күтүлөт. 25-июлда шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана фракция лидерлери кафеде жолукканы белгилүү болгон. Социалдык түйүндөрдө жолугушууда мэрлик кызматка Азиз Суракматовду талапкер катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгону божомолдонгон.
Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.
Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.
Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.
Буга чейин SUPER.KG порталы айрым булактарга таянып, мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн болгон адамдарды тизмектеп чыккан.