Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканага күнүнө 300гө жакын адам кайрылып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Кутманова 26-июлда кабарлады. Анын айтымында, кайрылгандардын ичинен 100ү гана жаткырылып, калгандарын үйүнө жиберүүгө туура келип жатат.
Дарыгер мындай абал жыл сайын жай мезгилинде күч ала турганын белгиледи.
"Жугуштуу оорулар боюнча Бишкекте жалгыз гана оорукана болгондуктан ичеги-карын илдети менен кайрылгандардын саны көп. Оорукана 400 орундуу болгонуна карабай 1 суткада 300гө жакын адам кайрылууда. Алардын арасынан оор абалдагы 100гө жакынын дарыланууга жаткырсак, калгандарына дары-дармек жазып, үйүнө жөнөтүүгө туура келет. Айрым бейтаптарды коридорго жаткырууга аргасызбыз. Анткени күнүнө 90-120га жакын бейтапты үйүнө чыгарсак, кайра эле ордуна башкалар келип жатат", - деди Айнура Кутманова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, жугуштуу оорулар ооруканасы өлкө боюнча Бишкек шаарында гана бар. Аймактардагы тургундар жергиликтүү ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнө кайрылып дарыланышат.