Чүйдөгү 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан жаракат алып ооруканага түшкөн 2 баланын бири палатага которулду

Чүй облусунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан улам ооруканага түшкөн 2 баланын бири палатага которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул балдар - бир туугандар. Кырсык катталгандан кийин Ысык-Ата аймактык ооруканасына 3 бир тууган тең алынып келген. Андан соң алган жаракаттарынан улам 1 жаштагысы каза болуп калган. Ал эми экөө №3-балдар ооруканасына которулушкан. Учурда бирөө палатага которулса, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирок баштапкы абалына караганда жылыш бар", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 24-июлда саат 08:15 чамасында Ford Transit үлгүсүндөгү унаа Ивановка-Ак-Сай унаа жолунда түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, ага каршы тилкеде келе жаткан Toyota Camry унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Ford Transit унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми Toyota Camry машинасынын 34 жаштагы айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү Ысык-Ата райондук ооруканасында көз жумушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан