"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: "Озёрное айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда кызматкерлер жетишсиз"

Аламүдүн районунун Озёрное айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштегендер жумушка өз убагында эле барарын Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Асел Адамалиева SUPER.KG порталына билдирди.

Эске салсак, "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Дарыгерлер өз убагында жумушка келбейт. Эл жумушка саат 08:00дө келчү дарыгерди күтүп азап тартууда" деген билдирүүсүн жиберген.

Тургундардын мындай нааразычылыктарына жооп алуу максатында Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып, мындай жооп алдык.

"Аламүдүн районуна караштуу Озёрное айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 3 дарыгер иштейт. Алардын бири декреттик өргүүгө чыккан. Дарыгерлер жетишпегендиктен 72 жаштагы дарыгерди кармап жүргөнбүз. Ал кишинин көзүнүн көрүүсү начарлап, 2 ай мурун жумуштан кеткен. Бирок медайымдар жумушка өз убагында келип, оорукананын эшигин ачып, ишин кылып жүрүшкөн. Ал эми улук медайым шаардан келет. Анын үстүнө баласын бала бакчага таштап келет экен. Эгерде чукул кырдаал болуп калса медайымдар биринчи жардамды көрсөтүп, оорусуна жараша башка жактарга жөнөтүшөт. Ал эми клиникалык жетекчи эмгек өргүүсүнө кеткен. Дарыгерлердин жетишсиздигинен улам ушундай нааразычылыктар жаралып жатат. Аймактарга дарыгерлерди тартуу кыйынчылык жаратып жатат", - дейт Адамалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан