2018-жылдын 6 айында өлкө бюджетине 1 миллиард 103 миллион сом зыян келтирген фактылар боюнча Каржы полициясы 479 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин Ыкчам иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Сагынбек Абдылдаев 26-июлда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы бул көрсөткүч 460 миллион сомду түзгөн.
"Учурда 1 миң 395 кылмыш иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда 6 айдын ичинде 436 кылмыш иши токтотулду. Буга издөө иштеринен натыйжа чыкпагандыгы жана башка жагдайлар себеп болгон. Анткени кылмыш иши козголгон айрым ишканалардын ээлери чет өлкөдө болсо, айрымдарынын ээлери белгисиз болгон", - деди Абдылдаев.
Башкарма жетекчиси Каржы полициясында 94 гана тергөөчү болгондуктан, тергөө иштерине жетишпей жатышканын кошумчалады.