Бүгүн, 26-июлда Бишкек шаарындагы борбордук аянтта эл аралык "Оймо" фестивалынын алкагындагы жөө жүрүш өттү. Анда Кыргыз жана чет өлкөлөрдөн келген кол өнөрчүлөр өздөрүнүн буюмдарын тартуулашты.
Фестивалдын башкы максаты - өлкөбүздөгү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу жана маданий мурастарды сактап калуу, ошондой эле Кыргыздын бермети – Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.
Фестивалдын алкагында Кыргыз жана чет өлкөдөн келген 150дөн ашуун кол өнөрчүлөр Улуу Жибек Жолунун салттарынын уландысы катары жайылган Кол өнөрчүлөр жарманкесинде өз буюмдарын көрсөтүштү.
Аталган жарманке Бишкек шаарындагы "Ата-Тоо" кинотеатрынын маңдайында 29-июлга чейин өтүп, 31-июлдан 5-августка чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.