Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108-чакырымында жол оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан ишкананын иш таштаган 40 кызматкеринин ичинен бешөө жумушка чыккан жок. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 26-июлда Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызы билдирди. Анын айтымында, алар эмгек акысы өз убагында берилбегендиктен 25-июлда иш ташташкан.
"Курулуш иштеринде эмгектенген жумушчулардын эмгек акысын өз убагында төлөөнү камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. 21-июль күнү Үч-Коргон айылында министр Жамшитбек Калиловдун катышуусунда жыйын өткөрүлгөн. Анда жалдануучу "Алке Иншаат" компаниясынын менеджерине эмгек акыдагы карыздарды тез арада жоюу боюнча тапшырма берилген. Жалдануучу карыздарды жоюу графиги түзүлгөнүн, 25-июлда Баку шаарынан Бишкекке акча которуларын жана 30-июлдан тартып төлөмдөр башталарын билдирген.
Учурда иш таштаган жумушчулардын көпчүлүгү кайра жумушка чыгып, иш өз нугунда улантылып жатат. Азыркы учурда 97-чакырымдан 108-чакырымына чейин курулуш иштери толугу менен аткарылып жатат. Аталган аралыкта жер иштери, суу түтүкчөлөрүн куруу, жолдун алдыңкы катмарын куруу иштери аткарылып жатат", - деди Канат кызы.
"Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108-чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо" долбоору Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 21,32 миллион долларга каржыланууда. 2017-жылы 11-майда Транспорт жана жолдор министрлиги менен "Алке Иншаат Санайи ве Тижарет" (Азербайжан) компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18,2 миллион долларды түзгөн келишимге кол коюлган.