Жактоочу Искен Афиджанов: "Суракматов - Ак Үйдүн тапшырмасы менен сунушталган талапкер"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KG порталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна жактоочу Искен Афиджановдун жообу.

Афиджанов Бишкек мэрлигине талапкер Ак Үйдүн көрсөтмөсү менен сунушталган талапкер деген пикирде.

"Суракматовдун "Елизавета" курулуш компаниясына катыштыгы бар экени белгилүү. Бул кызыкчылыктардын кагылышынын артынан келген талапкер. Массалык маалымат каражаттарында Суракматовдун Бакиевдер менен да жакындыгы бар экени айтылып жүрөт. Менин жеке пикирим боюнча, шаар мэрине талапкер болгон Суракматов - Ак Үйдүн тапшырмасы менен гана сунушталган талапкер", - деди Афиджанов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, Таалайбек Сариев, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан