Сулуулугуна суктанып бүтпөйм. Борбордук аянтта элечек оронгон апалар, кыз-келиндер (фоторепортаж)

26-июлда Бишкек шаарындагы борбордук аянтта жайгашкан Курманжан датка айкелинин жанында "Оймо" фестивалынын алкагында 1 сааттын ичинде 100гө жакын айымга элечек оролду. Бул иш-чара III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына багытталып, ага бардык каалоочулар катышты.

Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынан келген Асыл Абдырахманова элечек тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Элечек кыргыздын салты боюнча 40 кадам (20 метр) кездемеден оролот. Биз ал кездемени тууралап бычып алабыз. Илгери апаларыбыз алыста жүргөндө жип, ийне, күзгү жана башка кичине буюмдарын үстүнө салып жүрүшкөн. Эгерде бала төрөлүп калса, элечекти пайдаланышкан. Элечек - бул кыргыздар пайдаланып, керегине жараткан баш кийим. Аялдардын башына дагы ыңгайлуу болуп, жаш-курагына карата оролуп, келиндердики өзүнчө, апалардыкы да өзүнчө болот. Ошондой эле ар бир аймактын өзгөчө элечектери бар, Нарындын, Ысык-Көл жана башка аймактардын элечектери ар башкача болот", - дейт ал.

Элечек 100гө жакын айымга оролгон соң, алар борбордук аянттагы Манастын айкелине чейин басып барып, кайрадан Курманжан датканын айкелине келишти.

Бишкекти элечекчен энелер каптады. Оймо фестивалдан көрүнүш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-26 23:19:26
Эне Апа Эже Карындаштарыбыз ар дайым ушундай журушсө кандай сонун болмок.Эркектер да Ата-Бабалар кандай кийинип журушсө ошондой кийинишсе гана.Кыргыз мамлекетибиз бейиш жерге айланмак!Западтын өздөрун чала жыртык чыпташкан кийимдерин өздөрүнө буйрусун!
+8
bekub1473kg
2018-07-26 23:37:54
Биздин айымдар дуйнодо эн сулууу айымдар ушунда журунуздор пр дайым
+9
turaliev
2018-07-27 00:24:10
18-суроттогу ким?
0
ainur78007
2018-07-27 08:58:37
turaliev,Калипа Усенова.Кино,клиптерге тартылат.
0
monster_high_98
2018-07-27 09:19:53
ainur78007,Биздин Джоли окшойт го! Мурункудай жыт чыккан жерден калбайт
+1
Atas
2018-07-27 00:34:54
Биздин Апалар , Эжелер ,Карындаштар .
Дэн - соолукта болгула , бар болгула )
+3
Pandora
2018-07-27 04:41:48
мына соонун улуттук кийимдерибиз бар,бут авратынды жапкан кудайга шугур.Арабтардын хиджабына алмаштырбайлы кыздар ай
+8
Cherik.777
2018-07-27 07:50:38
Кулуйпа беле актриса ажары ачылып сонун жарашат экен
+1
ekaterinburg
2018-07-27 09:20:49
Кана эми,дайыма ушинтип кийинип журушсо.Соонун болмок.
+4
Shaa-82
2018-07-27 10:04:25
15-суроттогу орус улутундагы айым окшойт сонун жарашып калыптыр.
+2
kechirmeni
2018-07-27 11:04:06
Анжелика журобу дейм а
-1
kairhai
2018-07-27 13:02:14
Экинчи сүрөттөгү эже Темир Сариевге окшош экен.
+2
adi.ali94
2018-07-27 13:36:56
kairhai,ха хааа
+1
naziman
2018-07-27 13:46:13
kairhai,Точно.Таппасан сыйпалап кал ха-ха-ха
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан