Президент Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышты

Кечээ, 26-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Москва жана Жайыл райондоруна барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Москва районунда логистикалык борбордун иши менен таанышты. Жайыл районунда мамлекет башчысы Молдосанов атындагы орто мектебинин спортзалынын ачылышына катышты. Иш сапардын алкагында Жээнбеков Бишкек-Ош унаа жолунун Бишкек-Кара-Балта аймагынын 15-чакырымындагы курулуш иштери менен таанышты.

Маалыматты транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов жана өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов беришти.

Жол Азия өнүктүрүү банкынын каражатынын эсебинен курулуп, 2020-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arlenchik
2018-07-27 10:35:56
Кечээ эмне ар бир жерге милицияларды коюп тызылдап баары жугуруп журушот, кайсы чон баш келаткан болду экен десе Соке озу келген турбайбы, ХХХХХХХХ тиги туйгунаалы деген неме такыр чон кызматтан кетпей койду, баягыле жегичтер, ишти алдыга жылдырышпай, кантип подхалим кылышты билселе болду экенда, бир кызматтан кетсе экинчиси даяр, бул жегичтин баарын тазалап жаны кадрларды алып келиш керек болчу, булар кантип жеп ичиштин баарын оздоштуруп буткон уруулар!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан