УКМК: "Интернет аркылуу элди бөлүп-жаруучу маалымат тараткандарга чара көрүлөт"

Интернет аркылуу чагымчыл маалымат тараткандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аймактык жана улуттук бөлүнүүгө чакырган билдирүү жайылткан адамдар Кылмыш жана Жаза кодексинин "улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

УКМК жана башка укук коргоо органдары чагымчыл маалымат тараткандар боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышат.

Аталган мекемелер кандайдыр бир бөлүнүүгө алып келе турган маалыматтар тарап жаткан болсо, өлкө жарандарын тийиштүү органдарга кабарлап коюуга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tolkun555
2018-07-27 11:55:00
Эн туура
+3
Jazdyn_tany
2018-07-27 12:25:07
Айрыкча Фейсбуктагы "Акыркы маалыматтар", "Ата журтум Кыргызстан" деген группаларды карасаңар
+3
anonymous
2018-07-27 12:39:42
Гүлзат Аалиева деген бар ошону камагыла
+12
meni_kut
2018-07-27 12:45:43
Эн туура болок динди шылдындоо эн томон акылсыз адамдын иши,тенирчилер исламды шылдындаган фотомонтаж ,жаман создору бар, чара коргуло.
+1
meni_kut
2018-07-27 12:46:43
Оштук тоштук деп Бир элди экиге болгондор ойлонуп жазгыла эми
+4
tima01
2018-07-27 12:51:05
Жакшыкен
0
bazar
2018-07-27 13:03:25
"Кабарлап койгула" деп отура бербей өзүңөр деле окусаңар болот ар кайсы жерде толтура жайнап жүрөт.
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-07-27 13:32:03
Чиновниктердичи?
+3
bekmirzach
2018-07-27 15:50:45
элди бөлүп жаргандар сураксыз сот жообуна тартылыш керек. Андайлар элди экиге бөлүп ажарандардын чатакташуусунан пайда көрүүнү калаган акмактар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан