Үч бала ич өткөктөн абалы оорлошуп, учурда Бишкектеги Жугуштуу оорулар боюнча республикалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аталган оорукананын бөлүм башчысы Бурул Жаркынбаева 27-июлда өткөргөн маалымат жыйынында балдардын абалы турукташып калганын айтты. Бирок дале жандандыруу бөлүмүндө жатышат.
"Ал үч бала ич өткөк болуп ооруканага алып келинген. Абалдары өтө оор болчу. Себеби ата-энелери ич өткөк болуп жатканына карабай 2-3 күн үйүндө кармап туруп алышкан. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Бирок абалдары турукташып калды", - деди Бурул Жаркынбаева.
Дарыгер жугуштуу оорулар менен ооруканага күнүнө 300дөй адам кайрылып жатканын, анын 200дөйү оор абалда келип жатканын кошумчалады.
"Жугуштуу оорулар боюнча Бишкекте жалгыз гана оорукана бар болгондуктан күнүнө 300дөй бала кайрылып жатат. Абалы өтө оор болгондор жаткырылып, калганын үй шартында дарыланууга жиберип жатабыз", - деди Жаркынбаева.