ӨКМ: "Ысык-Көлдө суучулдар адамдарды атайылап сууга чөктүрүп, кызматы үчүн көп суммадагы акча алат деген" маалымат жалган"

Интернет желесиндеги WhatsАpp мессенжери аркылуу "Ысык-Көлдө суучулдар сууда жүргөн элди суунун астынан тартып кетип, атайылап эле чөктүрүп, ташка байлап коюшат. Издөө үчүн суучулдарды жалдаганда саатына өтө көп суммадагы акча алышат. Муну Ысык-Көлдүн тургундары өздөрү айтып жүрүшөт. Кыргыздар ансыз деле азбыз, эки айдын ичинде 300 адам чөгүп өлдү, анын 72си жаш балдар" деген маалымат таркатылууда. Бирок бул маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы төгүндөдү.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы суучулдар кызматы суудагы издөө иштерин бекер алып барышат. Ошондой эле республикабыздын аймагында жай мезгилинде суу объектилеринде 59 адам чөксө, анын ичинен 18си жаш балдар. Ысык-Көл облусунда 9 адам чөккөн, анын ичинен экөө жаш бала. ӨКМ тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган билдирүүнүн авторун табуу максатында кайрылуу жасап жатканын билдиребиз. Себеби мындай чындыкка дал келбеген билдирүү коомчулук арасында түшүнбөстүктөрдү жаратууда", - дейт маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
TalaCSKA
2018-07-27 15:44:46
Жалган маалымат тараткан адамдарды кудай озу жазаласын!
+1
Artyr1994
2018-07-27 16:00:30
Тактагыла Ватсаптагы маалыматты эгер жалган эле таратса бул жанылыкты, жалган айтканы учун соттош керек...
+8
Alleria
2018-07-27 16:08:02
Бул соз илгертен эле айтылып келет го
+6
Kyrgyz_bloger
2018-07-27 16:08:37
Мындай жанылыкты ватсаптан эмес эл оозунан мурда эле укчумун Ыссык колдо эле эмес же атайы тартпаса дагы машина менен же башка себеп менен суудагы адамды алып чыгууда акча алат деп айткандар коп азыр эми бекердин атасы олуп акчасыз эч нерсе бутпой калды го
+9
muslima-0788
2018-07-27 17:08:40
21-июль куну Чолпон Атада биз менен барган бала сууга чогуп кетти.Куткаруучулар таап чыкты суудан баланы бирок акысын албады
+1
Eli.91
2018-07-27 21:39:35
Атайылашыда мумкун,шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт,келишпестиктер болсо келишип чочтуртуп олтурушу мумкун,оздорунун артын оздору ачмак беле,албетте жок дейтда,мен кордум оз козум менен десенда женип коюшат,жок андай болгон эмес деп,чындыкты айткан заман болбой калдыго.
+6
Bahabrat79
2018-07-28 12:03:58
Eli.91 Каниет сенби
0
Kroxa
2018-07-28 03:05:22
Ыссык-колдун Суучулдары адам олтуруп иштегенде эмес кеп алар акысы жок эле куткарышат айлыкка иштешет.. Ал жакка балким очошкон адамдарга Атайын киллер суучулдар келиши мумкун..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан