Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 27-июлда Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын небереси Эрке Жумакматова билдирди.

Маалыматка ылайык, Күлбүбү Мадемилова 3 айдан бери төшөктө жаткан. Бүгүн, 27-июлда эртең мененки саат 6:00дө каза болду. Кыргыз ССРнин Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-июлда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Күлбүбү Мадемилова 1929-жылы 27-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1937-жылы Ленинград мамлекеттик хореографиялык окуу жайга тапшырган. 1943-жылдан баштап Кыргыз театрында балет бийчиси болуп иштеп баштайт.

1953-1958-жылдар аралыгында Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтунда (ГИТИС) режиссёр - балетмейстер адистиги боюнча билим алган. 1959-жылы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы бийчи-коюучу кызматына дайындалган.

1964-жылы Күлбүбү Мадемиловага Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган. 1979-жылы хореография жаатындагы эмгектери үчүн Кыргыз ССРнин Эл артисти наамы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Istina1000
2018-07-27 16:16:30
Жаны жаннатта болсун...
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан