Дарыгер: "Сарык оорусуна чалдыккандардын 80 пайыздан ашыгы - 14 жашка чейинки балдар"

Өлкө аймагында жыл сайын 8 миңден 22 миңге жакын адам сарык оорусу менен катталат. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев 27-июлда өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын маалыматына караганда, сарык оорусуна чалдыккандардын 80 пайыздан ашыгы 14 жашка чейинки балдар.

"Сарык ооруларынын 90 пайыздан ашыгы А түрүнө, 2,6 пайызы Б, 0,8 пайызы С, калган 2,6 пайызы такталбаган сарык ооруларынын түрүнө кирет. Сарык оорусуна чалдыккандардын 80 пайыздан ашыгы 14 жашка чейинки балдар.

Бул илдеттер балдарга кайдан жугат? Тилекке каршы, көпчүлүк учурда бала бакча, мектептерде балдардын дааратканадан чыккан соң кол жуусуна жакшы шарттын болбоосу жугуштуу ооруларды пайда кылууда. Бирок биз буга карабай болгон аракетибизди жасап келебиз", - деди Жороев.

Андан сырткары 2018-жылдын 6 ай аралыгында сарык оорусу 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,5 пайызга көп катталганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан