Жаза аткаруу кызматына тиешелүү 3 түрмө жабылды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына тиешелүү үч жатак абагы жабылды. Аталган мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын SUPER.KGꞌге билдиришинче, жатак абактардын жабылып жатышына андагы шарттын начардыгы жана соттолуучулардын санынын аздыгы себеп болгон.

Өкмөттүн ушул жылдын 11-июлундагы токтомуна ылайык, №35, №37, №48-жатак абактар расмий түрдө ишин токтоткон.

"Айрым жатак абактарды жабуу көптөн бери пландалып келген. Ал жерде соттолгондор үчүн мамлекет тарабынан акча деле бөлүнбөйт, кышында гана көп адамдарды багып калган учур болбосо, ал жакта соттолгондордун саны аз. Аларды иш менен камсыздоо да жөнгө салынган эмес. Мекеме толук жабылган соң андагы соттолгондор башка жатак абактарга которулат. Ошондой эле жабылган мекемелердин имаратын инвесторлорго сунуштап, өндүрүш ишканаларын ачуу пландалып жатат", - деди маалымат катчы.

Жаза аткаруу кызматына караштуу өлкө боюнча 11 түзөтүү мекемеси, жабылгандардан сырткары 11 жатак-абагы жана 7 убактылуу кармоочу жай бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан