Нарын облусунда жаңы окуу жылы башталганга чейин мектептерге видеобайкоо орнотулат. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында өткөн жол кырсыктарын жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өткөн. Анда Нарын облусундагы орто мектептердин бардыгына видеобайкоолорду орнотуу маселеси көтөрүлгөн.
Маалыматка ылайык, облуста жалпы 153 орто мектеп бар, алардын ичинен 75 мектепке гана видеокамералар орнотулган. Облус жетекчиси Аманбай Кайыпов жаңы окуу жылына чейин бардык мектептерге видеобайкоолорду толук орнотуу керектигин белгилеп, район башчыларына тапшырма берди.
Ошондой эле мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатып жаткан соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып өттү.