Манасбек Берикбаев Баткен облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Берикбаевди бөлүмдүн башчысы кылып дайындоо тууралуу буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2018-жылдын 24-июлунда кол койгон. Кечээ, 27-июлда жаңы жетекчи өз ишин баштап, жалпы жамаатка тааныштырылган.
Айта кетсек, Берикбаевге чейин бул кызматы Абдубасыт Исаев ээлеп келген. Ал эми Манасбек Берикбаев буга чейин Нарын облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.