Унаанын ичинде шымы жок жаткан укук коргоо органынын кызматкери жумуштан бошотулду

Унаанын ичинде шымы жок жаткан укук коргоо органынын кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтык иликтөөдөн соң кайгуул күзөт кызматынын кызматкери жумуштан бошотулду. Кызматкердин аты-жөнү жана ал эмне себептен шымы жок уктап жаткандыгы тууралуу маалымат жок.

Айта кетсек, буга чейин активист Болот Ибрагимов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн. Анда укук коргоо органдарынын формасын кийген киши шымы жок унаанын ичинде уктап жаткандыгы тартылган. Видеодо кайсы жакта, качан жана кандай себептерден улам киши унаада шымы жок уктап жаткандыгы тууралуу маалымат берилген эмес. Бул иш боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы иликтөө иштерин баштаганын билдирген.






Шымы жок милиция кызматкери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nanei
2018-07-28 14:43:05
мас да. башка эмне болмок эле. анан копкон элдин акчасына. мына жооп ушул силердин суроонорго
+17
Nuri1988Elim2010
2018-07-28 14:43:39
Балким атайын уюушулган
-14
Nurzada_0111
2018-07-28 14:45:47
Болдубу маселе жумуштан четтетилип эле бүтөбү. Аты жөнү да айтылбаса жумуштан четтетилгенин кайдан билебиз?
+18
RNA78
2018-07-28 15:26:01
ИИМ элге ачык жарыя кылбайбы, биз буларга бизди коргойт деп ишенип журсок, а бул шымын чечип алып уктап атса. Жок дегенде Т.Б. деген аты да жокко го? Кытайда болгондо атып эле салса керек эле.
+5
Dembele84
2018-07-28 16:37:25
Элди тоноп тапкан акчасына бир сайрандаган экен да ментибиз,шымын чечип ыргытып )))
+5
nur82
2018-07-29 01:03:47
Алалаа,кулалаа уяты жоок.
-1
bars_wire
2018-07-29 14:02:21
Бекер эле элге жарыялаптыр.бирөөнүн айыбын жашырсан АЛЛАХ сенинда айыбынды кечиремин дейт.Аста секин жекеме жеке сүйлөшүп алса болмок.Жигитти намыс өлтүрөт деп өлүп албаса эле болгону.
+4
Aijamal0405
2018-07-29 19:21:12
Кыргыздын милициясы кыргыздарга эле кыйын ХХХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан