Казакстанда 12 жаштагы кыздын ашказанынан 3 килограммдан ашуун чач алынды

Казакстанда 12 жаштагы кыздын ашказанынан 3 килограммдан ашуун чач алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, кызга Мангистау облусундагы балдар ооруканасында операция жасалган. Оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Султанбек Тумашевдин айтымында, чач топтоло берип кыздын ашказанын ээлеп калган. Жадакалса ашказанда тамак үчүн дагы орун калган эмес. "Операция жасап жаткан учурда кыздын ашказанынан салмагы 3 килограмм 560 грамм болгон чачтын топтомун алып чыктык. Чачтын топтолушу ичке ичегиден башталган", - деп билдирген хирург.
Ал эми бейтаптын апасы кызы бир нече жылдан бери эле чачтарынын учунан тиштеп, жутуп жүрө бергендигин айткан. Акыркы 2-3 жылда кызынын тамакка болгон табити жоголуп, көп окшуп, арыктап калган. Бирок эмнегедир анын курсагы чоңоюп кеткенин айтып дарыгерлерге кайрылган. Медициналык кароодон кийин дарыгерлер кыздын ашказанына чач топтолуп калганын аныкташкан. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык болуп, ал үйүнө чыгарылган.
Казакстанда 12 жаштагы кыздын ашказанынан 3 жарым килограмм чач алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tima01
2018-07-28 17:50:01
Вааак
+4
KENEWBEK88
2018-07-28 17:51:15
Мынча жийиркеничтүү, влак
+4
bond0202
2018-07-28 18:38:06
ужас
+4
erkinay.s
2018-07-28 22:37:51
Кудай сакта
+2
vikidiki
2018-07-29 18:52:02
Крысадай корунот экен алыстан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан