Ысык-Көлдө дзюдо боюнча спорт чебери Нурсултан Сталбек уулу сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-июлда саат 14:30дар чамасында орун алган.
"Нурсултан Сталбек уулу 25-июль күнү достору менен Бостеридеги пансионаттардын бирине эс алганы келген. Спортчу кечээ, 27-июлда суунун терең жерине түшүп, чөгүп кеткен. Анын жанында достору болгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат кызматы.
Нурсултан Сталбек уулу 1993-жылы Чүй облусунда төрөлгөн. Ал дзюдо боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону аталып, бир нече эл аралык мелдештерге да катышып келген. Ден соолугуна байланыштуу акыркы убактарда спорттон алыстап, ички иштер органдарында эмгектенип жүргөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жааматы Нурсултан Сталбек уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.