Ысык-Көл районунда эс алууга барган 11 адам тамакка ууланды

Ысык-Көл районунда эс алууга барган 45-50 жаштагы 11 адам тамакка ууланды. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун SUPER.KG'ге билдиришинче, окуя 28-июль күнү Бостери айылындагы "Тулпар" пансионатынын жанындагы боз үйлөрдүн биринде болгон. Анын айтымында, учурда 11и тең Ысык-Көл райондук ооруканасында жатышат.

"11 адамдын тамакка ууланып калышы боюнча факты 28-июлда катталды. Алар Кемин районунан келип, "Тулпар" пансионатынын жанындагы боз үйлөрдүн биринде шерине өткөрүп жатышкан экен. Боз үйдү ижарага берген тараптын пикиринде, тамак-аштарды өздөрү менен бирге ала келишкен экен. Учурда факты ОИИБ тарабынан каттоого алынып, эмнеден улам ууланып калышканы тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилип жатат", - деди Усубакунов.

Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган факты боюнча азырынча маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mongol1155
2018-07-29 13:14:42
Качан Ыссык-Кол Турцияга же Египетге окшогон отелдер менен курулат болду экен. Дагы эле озубуз тамак алып барабыз, же жеке уйлорго токтойбуз. Чон-чон таза жакшы отелдер курулса, мындай ууланулар болбойт эле.
+5
naziman
2018-07-30 07:50:25
Mongol1155,сиз айткан чон чон таза отелдерди куруп баасын асмандын башын айтып жатышса карапайым эл айласы жок оздору тамак ашын алып барышат да , болбосо биздин чондорго окшоп отелдерде эс алгылары келет карапайым эл, биздин эсебибизден чондор эс алып жатышпайбы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан