Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлда энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында Бишкек ЖЭБине барып, оңдоо иштеринин жана капиталдык курулуштун жүрүшү менен таанышты. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Кубатбек Боронов ЖЭБдеги химиялык суу тазалоо жаңы цехинин курулушун 2018-жылдын 1-октябрына аяктоону тапшырды.
"2018-жылдын январында болгон авариянын кайталанышына жол бербөө үчүн Бишкек ЖЭБдин жетекчилиги кытайлык компания ишке ашырып жатканына карабастан, химиялык суу тазалоо жаңы цехинин курулуш иштерин аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жасоосу зарыл", - деди Боронов.
Андан сырткары "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчилигине "Электр станциялары" ишканасы менен биргеликте ЖЭБдеги оңдоо иштерин мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууга жооптуу адамдарды аныктоону тапшырды.
"Алдыдагы жылуулук мезгилине толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Даярдыктардын үзгүлтүккө учурашын тендерлердин кеч өткөрүлүшү, катышуучулардын жок экени менен актоо кабыл алынбайт", - деп айтты биринчи вице-премьер.
"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын директору Азамат Абдыкадыров иш өз нугу менен жүрүп жатканын белгиледи. "Бардык иштер графикке ылайык жүрүүдө. Аны менен бирге жабдууларды оңдоодон тышкары маанилүү маселе – химиялык суу тазалоо жаңы курулушунун мөөнөтү болуп эсептелет", - деп айтты Абдыкадыров.
Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.